Диетолог 45 жаштан өткөндөргө өзгөчө пайдалуу жашылчаны айтты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБазарда жашылчаларды сатуу. Архив
Базарда жашылчаларды сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Бул куракта организмде картаюу процесси башталат, адамдын көрүүсү начарлайт. Кабакчада лютеин жана зеаксантин болгондуктан картаюуну жайлатат.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Кабакча (кабачок) өзүнө көптөгөн пайдалуу азыктарды камтыйт. Диетолог Маргарита Королева Sputnik радиосуна курган маегинде аталган жашылчадагы пайдалуу заттардын баарын алуу үчүн аны туура колдонуу жолдорун айтып берди.
"Кабакча — бардык курактагы адамдар жесе боло турган, аллергия кылбай турган азык. Анда калий, натрий, кальций, магний жана башка минералдык азыктар көп. Мындан тышкары, антиоксиданттар, В жана С витаминдери, кан тамырларга күч берүүчү биофлавоноиддер да жетиштүү. Кабакчаны бадыраң сыяктуу чийки да жесе болот, мындайда организмге пайдасы көбүрөөк болот", — деди Королева.
Диетолог жаш кабакчаны тандоону сунуштады. Себеби өтө бышып кете элек бул жашылча тамак сиңирүү системасын жакшыртып, иммунитетти күчтөнтөт. Ошондой эле организмди ашыкча шлак, токсиндерден тазалайт.
"Кабакча өзгөчө 45 жаштан өткөндөр үчүн пайдалуу. Бул куракта организмде картаюу процесси башталат, адамдын көрүүсү начарлайт. Кабачокто лютеин жана зеаксантин болгондуктан картаюуну жайлатат. Мындан тышкары, аталган жашылчада калий көп болгондуктан организмдеги ашыкча суюктуктардын чыгышын шарттайт, андыктан көп шишиген адамдарга да сунушталат", — деген диетолог.
Чөп чай. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2023
Дарыгер көп ооруга шыпаа болчу дары чөптөрдү тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0