Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин кантип бутуна турду? Видео

Жазылуу
Башында инфляция, кризис, жумушсуздук, баскынчылык — мунун аягы жоктой сезилген.
Советтер Союзу кулагандан кийин Кыргызстанда оор күндөр башталып, жаш республика көптөгөн көйгөйлөр менен күрөшүүгө аргасыз болгон.
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган.
Бирок эгемен жашоо оңойго турган эмес. Эл жапырт жумушсуз калып, ири заводдор темирге кеткен. 2000-жылы жакырчылыктын деңгээли рекорддук 63 пайызга жеткени маалым.
Кыргызстандыктар жадагалса керектүү азыктарды ала албай калган. Республикада этти керектөө совет мезгилине салыштырмалуу үч эсеге кыскарган.
Инфляция, кризис, жумушсуздук, баскынчылык — мунун аягы жоктой сезилди, бирок ал күндөр да артта калды.
Кыргызстандын экономикасы өнүгүп, калктын жашоо деңгээли жакшыра баштады.
Тема боюнча:
Советтик илимпоздор Кыргызстанда 60 ири ГЭС курса болорун айткан. Энергетикадагы алака
Жаңылыктар түрмөгү
0