Тогуз коргоол

Эл башкарчу жигиттердин баш терисин байкап...
Кыргыздар тогуз коргоолду эзелтеден ойноп, ата-энелер уул-кыздарынын эс-тутумун жакшырткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги көчмөндөрдүн интеллектуалдык оюну жөнүндө кызыктуу инфографиканы сунуштайт.
Кыргыздар тогуз коргоолду эзелтеден ойноп, ата-энелер уул-кыздарынын эс-тутумун жакшырткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги көчмөндөрдүн интеллектуалдык оюну жөнүндө кызыктуу инфографиканы сунуштайт.
Төрт мезгил көчүп-конгон кыргыздардын арасында тогуз коргоол оюну кеңири тарап, аны жаш курагына карабай баары ойногон. Тынч заманда ал оюн аркылуу жигиттер өзүнүн аскердик, стратегиялык ой жүгүртүүсүн жакшырткан. Оюнда каршылашынын байлыгын, мал-мүлкүн, жоокерлерин өзүнө каратып алуу маңызы камтылган. Тарыхчылар аталган оюн аркылуу мурун эл башкара турчулардын жөндөмү текшерилгенин айтат. Тогуз коргоолдун 25 кылымга чукул тарыхы бар.
Мындай оюндун түрү дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүндө кеңири тараган. Алсак, монголдордо "эсен коргол", казактарда "тогуз кумалак" деп аталат.

Тогуз коргоолдун тактасын кол өнөрчүлөр кургатылган карагай, терек, арчадан кооздоп оюп, жонуп жасаган. Кээде жаңы кыйылган дарактан жасалганда ага каймак сыйпап, сорподон сээп көлөкөдө кургатып даярдашкан. Анын эки тарабында оюлган тогуздан уясы, ортосунда чоңураак эки казынасы болот.
Кыргыздарда тогуз уянын ар биринин аты болгон.

1 – ооз;

2 — текилдек уй;

3 — ат өтпөс;

4 — жаман уй;

5 — бел уй;

6 — далы;

7 — эки тиш уй;

8 — көк моюн;

9 — куйрук уй.
Даяр тогуз коргоолдун 18 уясына тогуздан койдун корголундай формадагы таштар салынып оюн башталган.

Оюндун тартиби

Оюндун тартиби

Ким биринчи жүрүштү баштай турганы чүчү кулак менен аныкталып, алгачкы жүрө турган адам тактанын ак жагында отурат. Ал өзү каалаган уядан бардык коргоолдорду алып, ошол үйдөн баштап оң тарапты көздөй бирден коргоолду салып жүрөт. Акыркы коргоол түшкөн уядагы сан жуп болсо, ошол үйдөгү бардык коргоолдорду өзүнүн казынасына жыйнайт. Жүрүш бир кол менен жасалышы керек. 12ден көп коргоол жүргөндө бош колду жардамчы катары колдонууга болот.
Эгер каршылашынын үйүнө түшкөн акыркы коргоол менен саны үч болсо, ал үйү "туз" делип, андагы бардык коргоолду казынасына топтоп, алган үйгө атайын белги коюп, ошол үйдөн туз алдым деп жарыялайт. Баса, бир оюнчу бир гана тузга ээ боло алат. Атаандашынын акыркы үйүнө жана ал алган номердеги үйдөн туз ала албайт. Мисалы, биринчи спортчу жетинчи номердеги үйдөн туз алган болсо, анын каршылашы ошол номердеги үйдөн тузга ээ боло албайт.

Оюнчулардын ичинен ким биринчи 82 же андан көп коргоол топтосо жеңүүчү аталып, оюн токтотулат. Утканга бир упай, утулганга нөл упай, тең чыккандарга жарым упайдан берилет.

Жаңы бекитилген тартипке ылайык, ар бир оюнчуга ойлонууга 1 сааттан убакыт берилет, партия жалпы 2 саатка созулуп, оюндун жүрүшүн калыстар көзөмөлдөйт.
Көөкөрдүн сыры. Жасалышы, колдонулушу боюнча инфографика
Кыргыздар күнүмдүк жашоосунда көөкөрдү кеңири пайдаланып, белек, тартуу үчүн да колдонгон. Көөкөр — уйдун, төөнүн терисинен ашатылбай ышталып жасалган идиш.
Сандык. Кыргыздар баалуу буюмун кантип сактаган
Көчмөн турмушта кыргыздар сандыктын түрүн колдонуп, аны усталарга атайын буюртма менен жасатып өзгөчө мамиле кылган.
Кыргыз аялдары ийикти кантип, эмнеге колдонушкан?
Ийик — жүн, кебез, жибектен жип ийрүүчү аспап. Аны кыргыздын кыз-келиндери жип ийрип килем, таар, шалча, атка жабуу сыяктуу чарбалык керектүү буюмдарды жасоодо кеңири колдонуп келген.
Редактор
Мирбек Сакенов

Маалымат булагы
Олжобай Каратаев, Салайдин Эралиев түзгөн "Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк", Анварбек Мокеев, Фахри Унан, Олжобай Каратаев, Осман Йорулмаз, Жээнбек Алымбаев, Женгиз Буйар түзгөн "Түрк элдеринин салттуу улуттук спорттук оюндары" китеби, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайты

Программист
Пётр Панов

Дизайнер
Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0