Оштун тургундары эми таза суусуз калбайт. Жаңы объект ишке берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит Садыра Жапарова в Ош
Рабочий визит Садыра Жапарова в Ош - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Буга чейин жамгыр катуу жааса эле таза суу маселеси курчуп турган.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди - Sputnik Кыргызстан
1/2

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды

Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды - Sputnik Кыргызстан
2/2

Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды

1/2

Президент Садыр Жапаров Ошто шаар калкын таза суу менен камсыз кылган жаңы суу алуучу жайды ишке киргизди

2/2

Мамлекет башчыга суу алуучу жайды расмий ишке киргизүүнүн алдында шаар бийлиги жабдууларды сыноодон өткөрүп, резервуарларды дезинфекциялоодон өткөргөнү маалымдалды

Маалыматка ылайык, ар бир резервуардын көлөмү 6 миң куб метрди түзөт. Долбоордун баасы 194 миллион сомду түзөт.
Белгилей кетсек, Ош шаарында көп жылдардан бери ичүүчү суу маселеси курч бойдон калып келген. Эгерде мурда сел жана жамгыр учурунда ачык суу сактагычтын — Ак-Буура дарыясынан пайдаланылган суу булганып, суу берүү токтотулуп келген.
Ушул жылдын июль айында мамлекет башчы Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында түштүк борбордун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тапшырган. Азыр Ош шаарында ичүүчү суу маселеси чечилгени белгиленди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd компаниясынын төрагасы Ван Да менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2023
Акылбек Жапаров Кытайга таза сууну экспорттоону сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0