Токаев: Кыргызстан менен ынак коңшулукту тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Казак президенти Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Токаев Кыргызстан масштабдуу саясий реформаларды жана социалдык-экономикалык кайра курууларды пландык негизде ишке ашыруу менен мамлекеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын бакубаттуулугун камсыздоо жана эларалык кадыр-баркын жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
“Казакстанда азыркы Кыргызстандын ийгиликтери зоршыктануу менен кабыл алынып, достуктун, ынак коңшулаштыктын жана өзара колдоонун нугунда көп кырдуу кызматташтыгыбызды мындан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы жакын элдерибиздин бакубаттуулугу үчүн бекемделерине ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Казак президенти Жапаровго Кыргызстандын гүлдөп-өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаган.
Россиянын президенти Владимир Путин жана президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0