1-сентябрда Жапаров менен Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүКыргызстан мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт
Кыргызстан мамлекет башчысы Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Жазылуу
Путин иш-чарага видеобайланыш аркылуу катышмакчы.
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эртең, 1-сентябрда, мамлекет башчы Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин россиялык үч мектептин курулушуна старт берет. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Президенттердин видеобайланыш аркылуу Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушун баштоого старт беришери айтылды.
Ошондой эле Путин видеобайланыш форматында РФтин беш аймагында жаңы жалпы билим берүү мекемелеринин ачылыш аземине катышат.
Буга чейин Россия Кыргызстанга 9 мектеп куруп берери айтылган. Алардын биринчилери 2025-жылы ишке берилери күтүлүүдө.
Жыл сайын үчтөн мектеп салынып турат. Тогуз мектептин баары бирдей стандарт менен курулат. Ар бирине кеминде үч гектардан жер бөлүнгөн. Бир мектепти куруунун болжолдуу баасы 500 миллион рубль.
Россиянын президенти Владимир Путин жана президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0