Өкмөт бир нече документти онлайн түрүндө берүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоор

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеген аял. Архивдик сүрөт
Компьютерде иштеген аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Санарип документ колдонулуп, кагаз түрүндөгү вариантын берүү милдеттүү эмес деген норма каралууда
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Жарандык абалдын актыларын каттоону онлайн жүргүзүүнү демилгелеп, мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Анда туулгандыгы тууралуу, нике, ажырашуу, каза болгону жөнүндө жана аты-жөнүн алмаштыруу боюнча күбөлүктөрдү алуу үчүн онлайн түрүндө арыз берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Аны менен катар санарип документтер камтылган “Түндүк” мобилдик тиркемеси ийгиликтүү иштеп жаткандыктан, ошол эле күбөлүктөрдү кагаз түрүндө берүүгө милдеттендирген норманы алып салуу сунушталган.
Демилгеленген мыйзам кабыл алынгандан кийин министрлик санарип документтерди колдонууга уруксат берген укуктук актыларды иштеп чыгары белгиленген.
“Мында чаралар жарандык абалдык актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү алуу үчүн кеткен убакытты жана каражатты үнөмдөйт”, — деп жазылат маалыматтык негиздемесинде.
Мындан сырткары, 2022-жылдын октябрынан бери туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана каза болгону боюнча кагаз алууга арыздарды электрондук түрдө кабыл алуу пилоттук долбоору Чүйдүн Аламүдүн районунда иштеп жатканы айтылды.
Ушул кезге чейин ал кызматты 78 адам колдонгон, анын ичинен 29 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү үйүнө жеткирилген. Мындан улам, Санариптик өнүктүрүү министрлиги долбоор жакшы натыйжа бергенин айтып, өлкө аймагына жайылтууга белсенүүдө.
Аял ноутбук менен иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2023
Үйдөн чыкпай 148 кызматты алса болот. Электрондук кол тамгага түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0