Бишкекте жол кирени саатына төлөгөн системаны киргизүү каралууда

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Мэрия Батыш жана Чыгыш автобекеттерин Бишкектин сыртына көчүрүүгө ниеттенип жатат.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени саат менен төлөөнү киргизүү ыкмасын карап жатат. Бул туурасында мэриянын транспорт департаментинин жетекчиси Улан Уезбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, транспорт бир чекиттен экинчи чекитке чейин толук каттабай, андан улам эл көздөгөн жерине биринен экинчисине түшүп отуруп анан жетерин айтып, арыздангандар көп. Жайынтыгында 11 сомдун ордуна 33 сом коротууга туура келет.
"Европа сыяктуу саат менен төлөнгөн система болот. Мисалы, шаар тургуну акчаны төлөп коет да, каалаган маршрутуна түшүп, кайра башкасына отуруп, бир саатка жакын жүрө алат. Бир жолку, жарым саат, бир саат, бир жарым саат жүрө турган каттамдын түрлөрүн киргизебиз. Себеби шаардын бир четинен экинчисине жеткиче кенен 1,5 саат кетет", — деген ал.
Мэрия эки ири — Батыш жана Чыгыш автобекеттерин Бишкектин сыртына көчүрүүгө ниеттенип жатат. Бул башка аймактар, калаалар ортосунда жүрчү маршруткалардын борбор калаага кирбей эле жанынан өтүп кетиши үчүн жасалат. Автобекеттерден Бишкектин ар кайсы жактарына коомдук транспорт каттамакчы.
Бишкеке Кытайдан алып келинген жаңы автобустар  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Бишкекте жаңы 200 автобус каттамга чыкты. Маршруттун схемасы
Жаңылыктар түрмөгү
0