Бүгүн салыктарды төлөөнүн акыркы күнү. Ведомство эскертти

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюралары. Архивдик сүрөт
Сом купюралары. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бүгүн, 1-сентябрь, транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Салыктын акчаларын банктардын кассаларына, почта бөлүмдөрүнө, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарга, аны менен катар эле төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот", — деп айтышты алар.
Төлөмдөр же салыктын түрлөрү боюнча кандайдыр бир түшүнүксүз суроолор жаралса же кеңири маалымат алууну кааласаңыз, 116 номерине чалып же www.sti.gov.kg сайтынан табууга болот.
Салык кызматынын атайын салыктарды контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Тынарбек Кошматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Радио
Кошматов: батирин ижарага бергендер салык төлөшү керек
Жаңылыктар түрмөгү
0