Путин Жапаровдун орус тилин сактоого жасаган аракетин жогору баалады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин.
Россия президенти Владимир Путин. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун орус тилинин позициясын сактоого көргөн аракетин жогору баалады.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкекте, Баткен жана Караколдо кыргыз-орус мектептеринин курулушуна старт берүү аземи болуп өткөн.
РФ лидери Россия жалпы жонунан тогуз мектеп сала турганын айтты. Анда 11 миңден ашуун окуучу билим алмакчы. Ал эми бул үч мектеп 2025-жылга чейин пайдаланууга берилет.
Путин Кыргызстанда орус тилинде окуткан 251 мектеп бар экенин белгилеп, 416 мектепте кыргыз тили менен кошо окутуларын кошумчалады. Ал билим берүү тармагындагы бир катар долбоорлор да ийгиликтүү ишке ашырылып жатканына токтолгон.
"Жогорку билим берүү багытында алгылыктуу кызматташып келебиз. Россияда 16 миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат, анын 7 миңи россиялык бюджеттин эсебинен окуйт. 2023-2024-окуу жылында Кыргызстан үчүн өкмөттүк квота 1000 орунду түзөт", — деди Путин.
Өлкө башчысы 7 миң студентке билим берип жаткан Кыргыз-Россия Славян университетинде кадрлар даярдалып жатканын эске салды.
"Ар өңүттөгү билим берүү долбоорлору Садыр Нургожоевич Жапаровдун колдоосу жана жеке катышуусу менен ишке ашырылып жатат. Кыргызстандын президенти орус тилинин позициясын сактоо үчүн көп аракет жасоодо. Негизи эле Кыргызстанда буга абдан жакшы көңүл бурулат. Демек, өлкө биздин алакага чоң маани берет", — деди президент.
КР президенти Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жапаров: Кыргызстанда Россиядан билим алууга жана орус тилине болгон кызыгуу күчөдү
Жаңылыктар түрмөгү
0