Ошто тополоң кылгандардын ар бири жазаланат. Ташиев түндө кайрылуу жасады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРУКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жазылуу
Беттеш учурунда калыска нааразы болуп жаткан күйөрмандар чуркап чыгып, ызы-чуу жараткан.
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Оштогу "Төлөйкөн" ипподромундагы көк бөрү боюнча финалдык оюндан кийин чагым уюштургандар жазалана турганын билдирди. Ал аталган окуяга байланыштуу түндө кайрылуу жасаган.
Кечээ көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалында Таластан барган "Ынтымак" командасы Оштун "Достугун" 2:1 эсебинде утуп алган. Беттеш учурунда калыска нааразы болуп жаткан күйөрмандар чуркап чыгып, ызы-чуу жараткан.

"Спорттук мелдешти чырга айландырган 5-10 адамдын кылыгынын негизинде көпчүлүк эмоцияга берилип, кызуу кандуулукка алдырышты. Кээ бир чагымчылардын иштери боюнча мен азыр укук коргоо, коопсуздук органдарына тапшырма бердим. Азыр ошол жерде болгон видеолорду, фактыларды топтоп, кимдер баштаганын жана себепкер болгонун териштирип жатат. Ар бирине чара көрүлөт, алар тополоң кылып ошол бойдон жөн калып кетпейт", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал элдин ортосунда бүлүк салгысы келгендерди кыргызстандыктар өздөрү жазалашы керектигин кошумчалады. УКМК төрагасы элди чагымчылыкка алдырбай ынтымакта болууга чакырды.
 Төлөйкөн ат майданында көк бөрү оюну  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2023
Оштогу ипподромдогу нааразычылык эмнеден чыккан? Милиция үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0