Эртең Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Себеби

© Sputnik / Кирилл КаллиниковЖумушчу канализациядан чыгып жатат. Архив
Жумушчу канализациядан чыгып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Жазылуу
3-сентябрда №14 троллейбус толугу менен линияга чыкпайт.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Эртең, 3-сентябрда, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги жерде канализациялык коллекторду куруу иштери жүрөт.
“Буга байланыштуу 3-сентябрда саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Мындан улам №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрүп, түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Байтик баатыр, Аалы Токомбаев көчөлөрү менен каттамын улантат. Ал эми №14 троллейбус 3-сентябрь күнү толугу менен линияга чыкпайт”, — деп билдирди мэрия.
Шаар бийлиги ыңгайсыздык үчүн бишкектиктерден кечирим сурап, каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.
Бишкектеги Ош базарынын кире беришиндеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Бишкектин мэри "Ош" базары шаардын тышына көчүрүлөрүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0