Ден соолукту чыңдоо борбору А витамининин балага таасирин түшүндүрдү

© Photo / Pexels / Eren LiСабиз жеген кыз. Архивдик сүрөт
Сабиз жеген кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Жазылуу
Ал баланын көрүүсү курч болуп, сөөктөрүнүн, чач, терисинин бекемделиши, ошондой эле иммундук системасынын жакшырышы үчүн зарыл.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору А витамининин балдардын организмине тийгизген таасири тууралуу түшүндүрмө берди.
Борбордун маалыматына ылайык, A витамини (ретинол) – майда болуп эричү витамин, антиоксидант. Ал баланын көрүүсү, сөөктөрүнүн, чач, терисинин бекемделиши, ошондой эле иммундук системасынын жакшырышы үчүн зарыл. Ретинол баланын организминдеги белоктун синтезделишин шарттап, тамак-ашты жакшы сиңирет, тиш, сөөктөрдүн калыптанышына, жаңы клеткалардын өсүшүнө чоң таасир берет. Ошол эле учурда ал вирус, бактериялар менен күрөшөт жана кесилген жерлердин тез бүтүшүнө өбөлгө түзөт.

А витаминин кайсы азыктардан алса болот?

Сабиз, ашкабак, болгар калемпири, шпинат, брокколи, көк пияз, шабдалы, өрүк, алма, жүзүм, дарбыз жана коондо бар. Ошондой эле жаңы саалган сүттөн, жумуртканын сарысынан, балыктын майынан жана уйдун боорунан алса болот.
Организмде А витамини жетишсиз болсо көздүн көрүүсү начарлап, териге исиркектер чыгып, сыйрылып, адам ооруга көп чалдыга турган болуп калат. Табит жоголот, көздүн былжыр чели сезгенип, чач түшө баштайт же какач басат.
Ал эми аталган витамин организмде ашыкча болсо баланын кускусу келип, алсырайт, уйкусурайт, башы көп ооруп, бети кызарат. Буттун сөөктөрү ооруйт.
Борбордун адистери балага А витаминин алуу үчүн адегенде дарыгерге кайрылуу шарт экенин эскертти.
№3 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Айгүл Муратова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2023
Радио
Кайсы азыктар витаминге бай? Адистин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0