Адахан Мадумаров эки айга камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясатчы Адахан Мадумаров. Архив
Саясатчы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы тандалды.
Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, саясатчы 2023-жылдын 24-октябрына чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Гуля Кожокулова Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып жатканын тастыктады. Саясатчы бүгүн эртең менен кармалып, ИИМге жеткирилген. Андан ары Биринчи май райондук сотуна барган.
Буга чейин башкы прокурор Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Жогорку Кеңеш макулдугун берген.
2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан тажик тараптан талаштуу Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алып жатат делген протоколго кол койгон. Кыргызстан бул документти тааныбайт.
УКМК Бүтүн Кыргызстандын мүчөлөрүн кармап, экөөнү камады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.07.2023
УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн кармап, экөөнү камады
Жаңылыктар түрмөгү
0