Көк бөрү чуусу: 39 адам кармалып, 5 адамга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековДело№ папкасы. Архив
Дело№ папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Жазылуу
Милиция окуянын күбөлөрүнөн видео же сүрөт болсо маалымат менен бөлүшүп коюуну суранат.
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөн көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган 39 адам кармалып, анын ичинен 5 кишиге "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматта шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Алар: Ноокат районунун 23 жаштагы тургуну М. уулу А., Араван районунун тургундары 29 жаштагы И. А. жана 34 жаштагы А. Б., Өзгөн районунун тургуну 51 жаштагы Ж.Ж. жана Алай районунун 24 жаштагы тургуну К. уулу Б.
Милиция окуянын күбөлөрүнөн видео же сүрөттөр болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына көмөк көрсөтүп, болгон маалыматтар менен бөлүшүүнү суранат. Байланыш телефондору: 03222 6-65-22, 0701 106 060.
Оштогу көк бөрү боюнча мелдеши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Көк бөрү чуусу. Президенттин Оштогу өкүлчүлүгү элден кечирим сурады
Жаңылыктар түрмөгү
0