Саясатчы Адахан Мадумаровду сотко алып кетишти

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаСаясатчы Адахан Мадумаров. Архив
Саясатчы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 2-сен. – Sputnik. Саясатчы Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып кетишти.
Видеодон саясатчы "Баткен боюнча баягы жомок" деп айтканын угууга болот. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек Төрт-Көчө тилкеси боюнча айтып жатышы мүмкүн.
Буга чейин башкы прокурор Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Жогорку Кеңеш буга макулдугун берген.
2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан тажик тараптан талаштуу Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алып жатат делген протоколго кол койгон. Кыргызстан бул документти тааныбайт.
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
"Бийликке сүйрөсө да барбайм". Мадумаров коюлган айыптар боюнча жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0