Кыргызстандын мектептеринде россиялык 120 мугалим иштей баштады

© Фото / сайт Минпросвещения РоссииПроект "Российский учитель за рубежом"
Проект Российский учитель за рубежом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Окутуучулар "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында келишкен.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 1-сентябрдан баштап Кыргызстандагы 51 мектепте россиялык 120 мугалим иштеп баштады. Бул тууралуу Россиянын Агартуу министрлиги маалымдады.
Билдирмеге ылайык, мугалимдер өлкөдөгү билим берүү мекемелерине "Россиялык мугалим чет өлкөдө" долбоорунун алкагында келишкен.
© Фото / сайт Минпросвещения РоссииРоссиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолукту
Проект Российский учитель за рубежом - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолукту
Россиянын агартуу министринин орун басары Денис Грибов Кыргызстандын билим берүү министри Каныбек Иманалиев менен жолуккан. Анда ал мугалимдер "Акылдын күчү" программасынын алкагында балдарга математика жана физика сабактарын терең үйрөтүү максатында кошумча сабактарды өтүшөрүн айткан. Мындан тышкары, кыргызстандык окуучулар Иваново шаарындагы "Интердом" эл аралык мектебине барып билим алуусу улантыларын, бул үч айлык кыска мөөнөттүү программалардын негизинде ишке ашарын кошумчалаган. Грибов эки өлкөнүн агартуу тармагындагы кызматташтыгы мектеп менен эле чектелбестен орто кесиптик билим берүү жаатында да уланарын кошумчалаган.
Каныбек Иманалиев Россиянын Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы чоң экендигин билдирген. Ал өлкөдө россиялык тогуз мектеп куруларын, алар Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында жайгашарын белгилеген.
Россия президенти Владимир Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2023
Жапаров менен Путин Кыргызстандагы үч мектептин курулушуна старт берди. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0