Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Өлүмгө кептейсиңер". АКШда Киев куру кыялга алданып жатканы айтылды

© AFP / Mads Claus Rasmussen / Ritzau ScanpixУкраинанын президенти Владимир Зеленский аба базасынын F-16 согуштук учагында отурат. Архивдик сүрөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский аба базасынын F-16 согуштук учагында отурат. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Украина аскердик самолетторду учкучтары даярдыктан өткөн соң аларын Ак үй да тастыктаган.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Киевдин Батыштан F-16 истребителдерин алуу далалаты украин пилотторун өлүмгө кептейт. Бул тууралуу АКШ Куралдуу күчтөрүнүн экс-чалгынчысы Скотт Риттер билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү микроблокто өлкө Куралдуу күчтөрүнүн абада артыкчылыкка ээ болушу үчүн "F-16 истребителдеринен болгону 160ы керек экенин" жазышкан.
"Мага шумдуктуудай кече өткөрүү үчүн болгону миллиард доллар керек. Бул дагы, тиги дагы — куру кыял. Бирок менин кыялым эч кимдин өмүрүнө забын болбойт. Силердин кыялыңар украин учкучтарын өлүмгө айдайт", — деди экс-чалгынчы.
Эскерте кетсек, АКШ администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлү РИА Новостиге Вашингтон Киевге Дания менен Нидерланддан төртүнчү муундагы F-16 истребителдерин берүү чечимин кабыл алганын билдирген. Украина аскердик самолетторду учкучтары даярдыктан өткөн соң аларын Ак үй да тастыктаган. Ал эми Пентагон Украинанын азырынча F-16 истребителдерин жайгаштыруу үчүн керектүү инфраструктурасы жок экенин белгилеп келет.
Украиналык аскер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Украинадан афган сценарийи менен "кутулгусу" бар. Ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0