Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте коомдук транспорттун тилкесинде дагы кимдер жүрө алат?

© Sputnik / Асель СыдыковаРуководитель МП "Дорожно-транспортная инфраструктура" Ренат Султамамытов
Руководитель МП Дорожно-транспортная инфраструктура Ренат Султамамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
"Жол-транспорт инфраструктурасы" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ренат Султамамытов коомдук транспорт жана жол кыймылынын башка катышуучулары үчүн тилкелерди бөлүүнү караган транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү концепциясы жөнүндө айтып берди.
Өлкө башчысынын тапшырмасы менен калаага миңдеген автобус алып келинүүдө. Жолдор ошол автобустардын тургундар үчүн ыңгайлуу жана мобилдүү жүрүшүнө ылайыкталууда. Бул тууралуу Ренат Султамамытов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкекте коомдук транспорттун тилкесинде дагы кимдер жүрө алат?
Анын айтымында, тилке тыгынды азайтуу, ыш көйгөйүн чечүү жана коомдук транспорт үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү үчүн бөлүнгөн.
"Борбор калаадагы жол кыймылынын көйгөйү олуттуу болгондуктан ушундай шарт түзүп берүү менен элди жеке транспорттон коомдук транспортко өткөрүүнү көздөп жатабыз. Муну менен күз-кыш мезгилиндеги ыш көйгөйүн да чече алабыз. Тилкелер алгач Түштүк магистраль, Байтик баатыр, Профсоюз көчөлөрүндө жана Жибек Жолу, Чүй проспектисинде пайда болот. Андан соң калаанын калган чоң көчөлөрүндө дагы жасалат. Бул Кыргызстанда биринчи жолу эксперимент катары жасалып жатат. Мында жүргүнчүнүн А пунктудан Б пунктуга жетүү убактысы 1,5 эсе азаят деп болжолдонду. Атайын тилкелерди коомдук транспорт гана колдонбойт. Атайын унаалар ("Тазалык", "Жашыл чарба" ишканаларынын, Тез жардам кызматынын унаалары, ӨКМдин унаасы) жүрө алат. Ошондой эле мэрия менен биргеликте таксилерге лицензия берип, келечекте бул тилкелерде жүрүүсүнө уруксат берүү маселеси коюлду", — деди Султамамытов.
Ал экинчи этапта Байтик баатыр көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейинки аймак жасаларын, кийинки кезек Жибек Жолунда экенин, андан соң Профсоюз көчөсү, Чүй проспектине түшөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0