Экономика министри: эми Кыргызстанды тышкы карызын айтып эч ким коркута албайт

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар акчасы. Архивдик сүрөт
Сом жана доллар акчасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Амангелдиев кагазга жазылып ондогон жылдар бою жаткан ири долбоорлор акыркы эки жылда ишке ашканын билдирген.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Эми Кыргызстанды тышкы карызын айтып эч ким коркута албайт. Мындай пикирин өлкөнүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Токмок шаарында Эгемендүүлүк майрамы белгиленип жаткан учурда айткан.
Ал 2018-2020-жылдары Токмок шаарынын мэри болгон.
Амангелдиев ондогон жылдар бою кагаз бетинде эле жазылып турган ири долбоорлор акыркы эки жылда ишке ашканын белгилеген.
"Кумтөр кени кайтарылды. Мурда биз анын пайдасынын 10 пайызын гана алсак, азыр 100 пайызын алабыз, бул — 1,5 миллиард доллар. Өндүрүш үзгүлтүксүз иштеп жатат. Улуттук банкта 50 тоннадан ашык алтын бар. Эми бизди эч ким тышкы карыз менен коркута албайт", — деген ал.
Министр өлкөнүн экономикасы калыптана баштады деп эсептейт. Ал буга маянанын жогорулашы, инвестиция агымынын көбөйүшү, жумушсуздуктун азайышы жана ишкерлик тармагынын өнүгүүсү далил экендигин билдирди.
Айта кетсек, ушул жылдын март айына карата республиканын мамлекеттик карызы 5,6 миллиард долларды түзгөн, анын ичинен 4,5 миллиарды — тышкы карыз. Бийлик өлкөнүн тышкы карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген. Бирок мындайда кошумча пайыздар менен төлөөгө туура келгендиктен мамлекетке пайдасыз болуп каларын, андыктан белгиленген мөөнөттө төлөө туура экендигин түшүндүргөн.
Кыргызстан 8 жылдан ЕАЭБ курамында. Экономикада эмне өзгөрдү? Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2023
Кыргызстан 8 жылдан бери ЕАЭБ курамында. Экономикада эмне өзгөрдү? Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0