Улуттук драма театры 97-сезонун "Төлгө" менен ачат

© пресс-служба мэрии города БишкекТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2023
Жазылуу
Театр 15-сентябрдан кийинки репертуарын да жарыялады.
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында сезон 15-сентябрда ачылат. Театрдан маалымдашкандай, бул күнү 18:30да 97-театр сезону Жалил Садыковдун калемине таандык "Төлгө" спектакли менен башталат.
Театр сентябрь айындагы репертуарын да жарыялады. Спектаклдердин баары 18:30да башталат:
15.09 — Жалил Садыков, "Төлгө";
16.09 — Жалил Садыков, "Төлгө";
19.09 — Антон Чехов, "Кичинекей адамдын чоң трагедиясы";
20.09 — Винья Дельмар, "Эртеңкиге ордуңду бошот";
21.09 — Федерико Гарсиа Лорка, "Бернарда Альбанын үйү";
22.09 — Чыңгыз Айтматов, "Ашуу";
23.09 — Мурза Гапаров, Галина Гапарова "Былтыркы кар кайда" спектаклинин ачылышы болот. Бул СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына карата өтөт;
24.09 — Мурза Гапаров, Галина Гапарова "Былтыркы кар кайда";
25-30.09 — СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдык мааракесине арналган "IX эл аралык Art-ordo – 2023" театр фестивалы болот.
Кыргыз драма театрынын Ромео жана Жульетта спектакли - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2023
Айгүл Жапарова колдоп коюлган "Ромео жана Жульетта" спектакли тартууланат
Жаңылыктар түрмөгү
0