Көлбаевдин тобунун мүчөлөрүн кармоо. Бирөө коё берилип, үчөө камакта калды

© AFP / FADEL SENNAКишен. Архивдик сүрөт
Кишен. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун К.А.Ж. (Кеня) аттуу активдүү мүчөсүнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде коё берилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Токтом 22-августта чыккан.
"УКМК тергөөчүсү бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сунуш берген. К.А.Ж. аттуу жаран тил каттын негизинде коё берилип, И.А.Т., Т.К.И. жана Ш.А.А. 26-октябрга чейин камакта калды. Баары УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болушат", — деди соттон.
Спецназ кызматкерлери. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.07.2023
Бирөөнүн унаасын, 17 миң долларын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0