Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт

© Sputnik / Асел АкматРежиссёр, оператор, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев
Режиссёр, оператор, Кыргыз-Түрк Манас университетинин радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2023
Жазылуу
Режиссёр, оператор, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин радио, ТВ жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев кинофестиваль эки багытта өтө турганын айтты.
17-21-ноябрь күндөрү ордо калаада биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Стамбулбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айтматовдун 95 жылдыгына карата Бишкек эл аралык кино фестивалы өтөт
Анын айтымында, аталган фестивалга чет өлкөдөн кино дүйнөсүндө орду бар, абройлуу, чыгармачыл адамдар катышмакчы.
"Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата 17-21-ноябрь күндөрү алгачкы жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Кытайдын Шанхай, Түштүк Кореянын Бусан кино иш-чарасы сыяктуу эми Кыргызстандын да Бишкек кинофестивалы иштей баштайт. Анда бир гана толук метраждуу тасмалар ат салышат. Аталган иш-чара улуттук жана эл аралык багытта уюштурулуп жатат. Учурда тасмалар келип түшүүдө. Кабыл алынган картиналардын арасынан калыстар тобу мыктыларын тандайт. Бишкек эл аралык фестивалына кино ааламында орду бар чет өлкөлүк коноктор келмекчи. Азыркы кезде чакыруулар жөнөтүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул иш-чара масштабдуу деңгээлде уюштурулат", — деди Мамбеталиев.
Ал өзү фестивалга катышчу тасмаларды тандап алган калыстар тобунун башчысы экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0