УКМК: ИИМ тергөөчүсү 5 миң долларга чейин пара алып жүргөн

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Тергөөчү Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май РИИБдин тергөөчүсү М.А.М. кылмыш тобунун мүчөсү болгон жана башкалар менен биргеликте адамдарды опузалап акча талап кылган шек деген менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
"Такталгандай, ИИМдин аталган кызматкери баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн адистери менен биргеликте Telegram, WhatsApp мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүп, баңгизатын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң бул топ кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен кармалгандарды опузалап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну айтып коркутуп, 500дөн 5 миң долларга чейин акча талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.
М.А.М. Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Комитеттен ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандарды (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуну суранып, купуялыкты сактоого кепилдик берерин айтышты.
Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2023
Баңгизат соодасына шектелип дагы үч милиционер кармалды
Жаңылыктар түрмөгү
0