Кыргызстан өзүнүн жарандары үчүн өзү паспорт басып чыгара баштайт

Паспорт. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2023
Жазылуу
Султанбаев мындан ары Кыргызстандын жарандарынын улуттук документтерин басып чыгаруу жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстан мындан ары өзүнүн жарандары үчүн өзү паспорт басып чыгара баштайт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, паспорт мафиясы менен күрөшүүгө бир жыл кетти. Бул күрөштүн башында мамлекет башчы өзү турбаганда майнап чыкмак эмес.
"Учкун" мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми өлкөнүн тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн улуттук документтерибизди басып чыгара баштадык. Буга чейин Кыргызстандын жарандарынын паспорттору чет өлкөлөрдө басылып келген. Бул айрым абийирсиз аткаминерлердин, ал турсун кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин мыйзамсыз байышына жол ачкан. Учурда паспорт мафиясы жоюлду. Муну менен биз мамлекеттин каражатын үнөмдөп калдык", — деди Султанбаев.
Ал белгилегендей, Кыргызстан жыл сайын 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылып келген.
"Канча деген каражат абийирсиз адамдардын чөнтөгүнө түшүп турганын элестетиңиздер. Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт. Буга чейин Кыргызстандын жасалма паспорттору чет өлкөдө аныкталган фактылар болуп келген жана алардын даярдалган жерин аныктоо ар дайым эле мүмкүн болгон эмес. Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт", — деди ал.
Султанбаев мындан ары Кыргызстандын жарандарынын улуттук документтерин басып чыгаруу жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болорун кошумчалады.
Чек арада документтерди текшерүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2023
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
Жаңылыктар түрмөгү
0