Бишкектин жолундагы сары тилке: жеңил унаалар эми кандай жүрөт? Видео

Жазылуу
Сентябрдын башынан тарта Бишкектин Түштүк магистралында коомдук транспорт үчүн өзүнчө (четки) тилке бөлүндү.
Жолдо кыймыл көбөйгөн маалда тыгын жаралары турулуу иш, бирок шаар бийлиги коомдук транспорт системасына артыкчылык берип жатат.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Мирлан Талайбеков өзүнчө бөлүнгөн тилке менен жеңил автоунаалар жана таксилер жүрө албай турганын, бирок жүргүнчү салып/түшүрө аларын билдирди.
Ал айдоочулар айыпка жыгылбашы үчүн кандайча жүрүшү керектигин түшүндүрүп берди. Баса, айып пулдун көлөмү 1000 сом, бирок бир айдын ичинде төлөнсө 70 пайыздык арзандатуу бар. Ал эми саамалык тууралуу кабары жок региондон келген айдоочуларга биринчи жолкусунда эскертүү берип жатышат.
Автобустардын кошумча партиясы келгенден кийин мэрия Абдрахманов көчөсүнүн Түштүк магистралдан тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүнө да атайын тилке түшүрүүнү пландап жатат.
Тема боюнча:
Бишкекте коомдук транспорттун тилкесинде дагы кимдер жүрө алат?
Жаңылыктар түрмөгү
0