Пайданы демократиядан өйдө көрүп... Европа Россия менен сооданы кеңейтүүдө

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүСууда эрүүчү жана гранулдуу жер семирткичтерди чыгаруучу заводунун аймагындагы жумушчу. Архивдик сүрөт
Сууда эрүүчү жана гранулдуу жер семирткичтерди чыгаруучу заводунун аймагындагы жумушчу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Германия россиялык жер семирткичтерди сатып алууну 334 пайызга көбөйттү. Өз өндүрүшү өтө кымбаттап кеткендиктен, көгүлтүр от көз карандылыгынан арылууга тырышкан Берлин кайрадан Москванын колун карайт окшоп калды.
Аткаминерлер буга нааразы, импортко тыюу салууну талап кылууда. Мындан улам Россияга каршы жаңы санкцияларды күтүүгө болобу? Ушул туурасында РИА Новости серепчи Надежда Сарапинанын макаласын жарыялаган.
Газ сатып алууга тыюу салуунун кесепети европалык өнөр жайдын бардык тармагына тийди. Атап айтканда, Европа биримдигинде химикаттардын өндүрүшү эки эсе кымбаттады. Германияда чыгымдар 150 пайызга өскөнүн жазат Bild басылмасы. Ошол себептен Россиядан сатып алуунун көлөмүн көбөйтүүгө туура келүүдө.
Былтыр июлдан тарта быйылкы июнга дейре Берлин азот жет семирткичтеринин импортун 334 пайызга жогорулатты. Сезон маалында ата мекендик өндүрүмүнүн үлүшү 5,6 пайыздан 18 пайызга чейин (38,5 миң тоннадан 167 миң тоннага дейре) өскөнүн ФРГнын Айыл чарба өнөр жай ассоциациясы эсептеп чыккан. Ал эми Евробиримдик жалпы жонунан быйыл өткөн жылга салыштырмалуу беш эсеге көп импорттогон.
Berliner Zeitung (BZ) басылмасы импорттун көлөмү дагы өсө турганын боолголоп, анткени санкциялардын жер семирткичтерге тиешеси жоктугун белгилешет. Бирок мындай өсүш "көз карандысыздыкты жактагандарды" түйшөлтүүдө. ФРГнын Айыл чарба өнөр жай ассоциациясынын башкаруучу директору Мартин Мэй химикаттарды өндүрүүнүн чыгымдарынын 90 пайызы көгүлтүр отко кетерин белгилейт.
Россиялык энергетикалык ресурстардан баш тартуунун бардык аракеттерине карабастан ФРГ алар үчүн башкача формада төлөөнү улантып келет. Bild маалымат каражаты немец өнөр жай өкүлдөрү атаандаштыкка туруштук бере албай, банкрот болуп жатканын кабарлайт. Ири химиялык BASF концерни Людвигсхафендеги аммиак өндүрүүчү заводунун жабылганын жарыялады.
Германиялык өнөр жайдын дагы бир үлкөн өкүлү, ушул тапта он миңге чукул киши иштеген, Экинчи дүйнөлүк согушту башынан кечирген, "советтик экспроприациядан" өткөн SKW Stickstoffwerke Piesteritz GmbH (SKWP) заводу да Европа биримдигинин тар ой жүгүрткөн саясатчыларынын айынан жабылып калуу коркунучунда турат.
Экономика министрлери, айрым облустардын мэрлери өкмөттөн чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Алардын баамында, Россия газдын наркын каалашынча коюп, рынокту арзан жер семирткич менен толтуруп жаткан имиш. Бул европалык ишканаларды кеминде эле өндүрүштү кыскартууга мажбурлайт. Эксперттер Европанын башка аргасы жок дешет.
Украина жана Евробиримдик желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдикте Украинанын келтирген зыянынан улам коңгуроо кагылууда
Азык-түлүк каатчылыгы былтыр эле башталып, азыркы окуялар анын узакка созулган кесепети экенин айтышат.
Рыноктун түзүмү ишканалардын тапкан кирешесин көзөмөлдөй албайт, ошондуктан тармактар бири-биринин чыгашаларын жабууга тырышат. "Минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчүлөрдүн абалы быйыл газдын баасын төмөндөтүүдөн жеңилдеп калган жок. Энергетикалык ишканалар өткөн айлардагы жогорку чен менен сатууну улантышты. Алар дурус киреше таап, ал эми химиялык заводдор эптеп жан багууда", — деп түшүндүрөт көз карандысыз өнөр жай эксперти Леонид Хазанов.
Мындай шарттарда россиялык жер семирткичтерге тыюу салуу өлкөнүн айыл чарбасын курутат. Фермерлер кымбат баада сатып ала алышпайт, түшүмүн жоготуп же банкрот боло башташат.
Ошол эле учурда Россия — жер семирткич менен камсыздоодо ынанымдуу, узак мөөнөттүк кызматташууга кызыкдар, өз ара пайдалуу шартта иштеше аларын белгилейт Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин "Логистикадагы санарип технологиялар" лабораториясынын жетекчиси Дмитрий Тарасов. Бирок анын айтымында, жаңы эмбаргонун киргизилиши толук ыктымал. Албетте, Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин экономикасына чоң сокку урары бышык. Бирок андай шартта деле россиялык өндүрүшчүлөр жабыр тартпастыгын белгилешет талдоочулар.
"Алар жаңы өнөктөштөргө, арасында газ, мунай-химиялык өнөр жайы жок, даяр өндүрүмгө муктаж өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө ылайыкташууда", — деп эсептейт Тарасов. Булардын катарында Азия, Африка жана Латын Америкасы да бар.
Россия экономикалык университетинин Экономика кафедрасынын доценти Александр Тимофеев россиялык химикаттар жүздөн ашуун өлкөдө сатыларын эске салды. Дүйнөлүк экспортто Россиядан алынган карбамиддин үлүшү — 12 пайыз, кальций хлориди — 20 пайызды түзөт. Тармактын лидерлери — "ЕвроХим", "ФосАгро" жана "Акрон" өнүгүүнүн жапжаңы стратегиясын колдонуп, процесстерди санариптештирип келет.
Маселен, "ФосАгро" аталган корпорациялар эбегейсиз киреше табууга жөндөмдүү экенин белгилейт. Үч-төрт жыл аралыгында алар өндүрүштү 35-37 миллион тоннага жеткирүүнү көздөшөт", — деп кошумчалайт эксперт.
Бириккен Улуттар Уюмунун отчёту Россиядан жер семирткичтердин экспорту 70 пайызга өскөнүн кошумчалайт. Негизинен Индия, Түркия жана Вьетнам сатып алат. Бразилия эң ири импорттоочу болсо, эми Африкалык биримдик да жер семирткич менен жабдуунун кеңейтүү жолдорун кароодо. 15 жыл аралыгында өндүрүш эки эсеге көбөйүп, беш жыл ичинде бул багытка эки триллион рублдан ашуун каражат салуу каралууда.
"Бул айлантуу менен кирешени эки эсеге чыгарууга жол ачат", — дейт Тимофеев. Азыр россиялык компаниялар дүйнөлүк товар айлантуудан алты-жети пайызды ээлеп, Кытайдан кийинки экинчи сапта турат. Химикаттарды керектөө Россияда да, дүйнө жүзүндө да жылдан-жылга 10-20 пайызга өсүүдө. Эксперттердин пикиринде, агроөнөр жайдын ийгиликтеринен улам керектөө жылына 10-15 пайызга жогорулайт. Ошондуктан европалык рыноктун потенциалдуу жоготуусу өндүрүшкө кымындай да таасир эте албайт.
Президент США Джо Байден (слева) подписывает гостевую книгу во время встречи с президентом Украины Владимиром Зеленским (справа) в Киеве. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Баарын Украинага айырбаштап... АКШ союздаштарынан ажыраганын моюндоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0