Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бишкекте жол кирени саатына төлөгөн система 2024-жылы иштеп башташы мүмкүн

© Sputnik / Асел АкматТранспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Сарымсаков шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында атайын план жазылганын айтты.
Бишкекте жол кирени саатына төлөгөн система 2024-жылы иштеп башташы мүмкүн экендигин Бакытбек Сарымсаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бишкекте жол кирени саатына төлөгөн система 2024-жылы иштеп башташы мүмкүн
Анын айтымында, алгач кичи автобустарды иретке келтириш керек.
"Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени саат менен төлөөнү киргизүү ыкмасын карап жатат. Бул маселе 2026-жылга чейинки жасаш керек болгон иш-аракеттердин катарында. Шаардыктар бул система дароо ишке кирет экен деп түшүнбөшү керек. Ал үчүн дагы бир топ иш жасалып, кичи автобустарды иретке салуу кажет. Буюрса жаңы автобустардын келиши күтүлүүдө. Алар келгенден кийин маршруткалар шаардын борборунан алысыраак жайгашкан конуштарга каттай баштайт. Учурда схемасы даяр", — деди Сарымсаков.
Ал жол кирени саатына төлөгөн система жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0