Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украина күчтөрү Россияга авиациясыз эч нерсе кыла албастыгын мойнуна алууда

© AFP / KENZO TRIBOUILLARDF-16 аскер учагы. Архивдик сүрөт
F-16 аскер учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Ал Киев бийлигинин жалпы планы Украинанын 1991-жылдагы чектерине кайтып келүү экендигин кошумчалаган.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча катчысы Алексей Данилов өлкөнүн Куралдуу күчтөрү абадан колдоо жок кармашта кыйынчылыкка туш болуп жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазган.
Ал авиациянын колдоосу жок каршылашты жеңүү бир топ кыйын болорун НАТО боюнча өнөктөштөр билерин белгилеген.
Данилов буга чейин Азербайжандын Report маалымат агенттигине маек берип, Украина бийлиги куралдуу чатакты быйылкы кышта соңуна чыгарууну каалап жатканын билдирген. Анын айтымында, Киев бийлигинин жалпы планы Украинанын 1991-жылдагы чектерине кайтып келүү.
"Чектерге (1991-жылдагы) чыгуу маселеси өтө кыйын. НАТО генералынын абадан колдоо жок жеңишке жетүүгө болот дегени өтө таң калычтуу. НАТОнун бир дагы операциясы абадан көрсөтүлгөн колдоосу жок жасалбай турганын эске алып койсоңор, андыктан бул (кеп – ред.) адамдардын өмүрү туурасында болууда. Абадан колдоо жасалмайын, бизге кыйын эле болот", — деген Данилов коопсуздук боюнча Киев форумунда (YouТube аркылуу түз алып беришкен).
2014-жылы мартта Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Крым россиялык аймак болуп калган. 2014-жылдагы бул тарыхый референдумда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы жана севастополдуктардын 95,6 пайызы Россия Федерациясына кошулууга макулдугун билдиришкен.
Украина Крымды мурдагысындай эле өзүнүн аймагы катары санап, убактылуу басып алынган деп эсептейт. Батыштын көп мамлекеттери бул маселеде Киевди колдойт. РФ жетекчилиги Крымдын жашоочулары демократиялык жол менен, эл аралык укуктардын негизинде жана БУУнун Уставына ылайык Россияга кошулууну тандап алгандыгын билдирип келет. Россия лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "таптакыр жабылган".
2022-жылдын 30-сентябрында референдумдун жыйынтыгында ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустарын Россиянын курамына кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлган.
АКШнын өкүлдөр палатасынын мүчөсү Маржори Тейлор Грин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Конгрессчи АКШ Украинага аскер киргизиши мүмкүн экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0