ЖК төрагасы Консоттун башчысын, судьяларын отставкага кетирүүгө чакырды. Себеби

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Жазылуу
Спикер Кыргызстанда матчество боюнча чечим кабыл алып берүү мүмкүн эмес деген пикирин билдирген.
БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Матчество боюнча туура эмес чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамы толугу менен кызматтан кетиши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламентте айтты.
Жогорку Кеңеш "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун кайрадан карап чыгууга ниеттенип жатат. Конституциялык сот өзүнүн чечимин президенттин сунуштамасы боюнча же Конституциялык соттун (Консот) төрагасынын сунуштамасы менен кайра карашы мүмкүндүгү айтылган эле. Депутаттар бул маселенин бүгүнкү күн тартибинде каралышын толук колдоп берди.
"Бул абдан уят иш. Кыргызга мындай кыянатчылык кылган, элдин наалатына калган, келечекке балта чапкан мындай осол иш болбошу керек эле. Матчество боюнча туура эмес чечим кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы баш болгон жалпы курамы толугу менен жумуштан кетиши керек. Андыктан, айла жок, ошол чечимди оңдош үчүн ушул маселелер кирип жатат", — деди Шакиев.
Парламентарийлер Шакиевди бир добуштан колдошту. Бир катарлары кол чаап да жиберишти.
Эске салсак, кыргызстандыктар Конституциялык соттун жашы жеткендерге атасынын атынын ордуна энесинин атына катталса болот деген маселеге уруксат берген чечими катуу талкууга алынган. Буга 2-июлда кыргызстандык активист Алтын Капалованын Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген маалыматы себеп болгон. Көптөр аны каада-салтка, улуттук баалуулуктарга каршы келерин айтышкан. Бул боюнча мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов да пикирин коомчулукка билдирип, тукум атанын аты менен гана сүрүштүрүлөрүн айткан.
Көп өтпөй Консот түшүндүрмө берип, 18 жашка чыккан жаран атасынын же энесинин атына катталарын өзү чечерин айткан. 30-июлда Конституциялык сот бул жагдай боюнча Үй-бүлө кодекси менен "Жарандык абал боюнча" мыйзамдын бир катар нормаларынын Конституцияга туура келер-келбесин карап, аны Баш мыйзамга каршы келбейт деп тааныган.
Конституциялык сот мыйзамда жалпы жонунан балага кыргыздын каада-салты боюнча жана ошол эле маалда советтик системада ысым берип жана фамилиясын, атасынын атын ыйгаруу каралганын белгилеген. Консот буга байланыштуу ата-энесине караганда баланын укугу биринчи экенин жана мамлекеттин коргоосунда тургандыгын белгилеген.
"Бала энесине катталганда салттуу коомдо ар кыл стигма жана басынтуу, шылдыңдоого кабылышы мүмкүн болгондуктан арыз берүүчүнүн өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартылды", — деп жазылган маалыматта.
Бул боюнча Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да үн каткан. Муфтий Замир кары Ракиевдин айтымында, ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланы ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми тектин атага таандык болушу өтө зарыл. Ошондуктан ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.
Бул темага бийлик өкүлдөрү да өздөрүнүн пикирин айтты. Тагыраагы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев баланы энесинин атына каттоого каршы экендигин айткан.
"Матчествого" жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям", — деген Ташиев.
Баласын карап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2023
Мамкатчы Касмамбетов баланы энесинин атына каттоого каршы пикирин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0