Аткаминер кызматынан көтөрүлүп, бир суткадан кийин кайра ордуна барды

© Фото / пресс-служба антимонопольного регулирования КРАйбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Айбек Мамыралиев кечээ күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ал орун басар кызматынан көтөрүлгөн болчу. Бирок бүгүн кайра өзүнүн ордуна барды (орун басар). Ал эми мекемени Акылбек Жапаровдун дагы бир тескемеси менен Гүлшат Асылбаева жетектемей болду.
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Жаңылыктар түрмөгү
0