Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

"Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзамдын долбоору даярдалууда

© Sputnik / Асылбек БактыбековСтандартташтыруу жана метеорология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова
Стандартташтыруу жана метеорология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2023
Жазылуу
Стандартташтыруу жана метеорология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Айгерим Алыбекова "Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзамы өлкөдө өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталарын айтты.
"Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзамынын долбоору даярдалууда. Бул стандартташтыруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылууга шарт түзөрүн Айгерим Алыбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзамдын долбоору даярдалууда
Анын айтымында, мыйзам долбоору улуттук стандартташтыруу системасын эл аралык тажрыйбага ылайык өнүктүрүү, стандарттардын ролун жана маанисин жогорулатуу максатында иштелип чыгууда.
"Азыркы учурда стандартташтыруунун ченемдик укуктук базасы "Техникалык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамынын негизинде иштейт. Ушуга байланыштуу "Стандартташтыруу жөнүндө" мыйзамынын долбоору даярдалып, бул тармактагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу каралууда. Долбоор өлкөдө өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. Мындан тышкары, улуттук стандартташтыруу системасын эл аралык тажрыйбага ылайык өнүктүрүү, стандарттардын ролун жана маанисин жогорулатуу максатында иштелип чыгууда", — деди Алыбекова.
Ошондой эле адис "Кыргызстандарт" мекемеси ишкерлик чөйрө менен тыгыз иштешип жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0