78 жыл мурда Берлинде өткөн акыркы парадды кабыл алган Жуков. Видео

Жазылуу
1945-жылы 7-сентябрда Берлинде антигитлердик коалиция боюнча союздаштар — СССР, АКШ, Улуу Британия, Франциянын аскер бөлүктөрү катышкан Жеңиш парады өткөн.
Аны маршал Георгий Жуков, америкалык генерал Эйзенхауэр, британиялык фельдмаршал Монтгомери жана француз генералы де Тассиньи кабыл алышы керек эле.
Парад жакындап калганда аны өткөрбөө маселеси жаралып, союздаш-генералдар "убактысы жоктугунан" улам келбей тургандыктарын айтышкан. Бирок Жуковдун дароо Москвага чалганы айтылып келет.
"Токтой тургула, алар дагы көп өнөрлөрүн көрсөтөт. Башкы командачылардын баш тартканына көңүл бурбай, парадды өзүңөр кабыл ала бергиле. Анын үстүнө силердин акыңар көбүрөөк", — деген Иосиф Сталин.
Бул Экинчи дүйнөлүк согуш боюнча союздаштардын биргелешкен акыркы иш-чарасы болуп калды. Советтер Союзу менен антигитлердик коалициянын мамилеси кийин кансыз согуш менен уланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0