Бишкекте Ленинград блокадачылары эскерилди. Видео

Жазылуу
Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыгы болгондор эскерилди. 1941-жылдын 8-сентябрында Нева дарыясынын боюндагы шаардын жашоочулары үчүн 872 күнгө созулган эң оор күндөр башталган.
Кыргызстандын борбор калаасында Русский дом менен Ленинград блокадасынын кыргыз коомчулугунун өкүлдөрү студенттерге жана мектеп окуучуларына ачык сабак өтүштү. Иш-чара Анна Кутанова атындагы Ленинград блокадасы боюнча тарых музейинде уюштурулду.
Андан соң Дайыр Асанов атындагы парктагы блокадачылардын эстелигине гүл коюлду. Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугунун төрагасы мындай иш-чаралар жыл сайын өтүп жатканын белгиледи.
Ал 15-сентябрь күнү "Ленинград блокадасынын чектери" долбооруна арналган конференция өтө турганын жарыялады.
Согуш мезгилинде курчоодогу Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңден ашык адам эвакуацияланган. Алардын үч миңи балдар болгон.
Тема боюнча:
89 жыл мурда Донбассты нацисттерден бошотушкан. Видео
Алты жылга созулуп, миллиондогон өмүрдү алган согуш. Тарыхый видео
Жаңылыктар түрмөгү
0