Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстандык студенттер 50 миң рубль грант ала алышат

© Фото / пресс-служба Русского дома в БишкекеКыргызстандык студенттер. Архивдик сүрөт
Кыргызстандык студенттер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Конкурска катышуу үчүн ишти заманбап медиаформатта даярдоо сунушталат.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер 50 миң рублге чейин грант ала алышат. Бул тууралуу "Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова билдирди.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова
Руководитель Фонда наследия русского зарубежья Елена Чернышкова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
"Чет жердеги орус мурасы" фондунун жетекчиси Елена Чернышкова
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы жөнүндөгү брифингге катышты.
Урунттуу учурлар:
россиялык тарап үчүн орус тилинин биздин жалпы маданий жана илимий аянтчабыздан жоголуп кетпеши маанилүү. Россия ишке ашырган көптөгөн долбоорлор бар. Алардын бирин "Чет жердеги орус мурасы" фонду жакында ишке киргизет;
бул орус тилдүү эмгектердин конкурсу. Ага Борбор Азиянын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер катыша алат. Кыргызстанда окугандардын темасы Кыргызстан менен Россиянын жалпы маданий мурасына арналышы керек;
уюштуруучулар илимий доклад же макала эмес, подкаст, видеосюжет, лонгрид сыяктуу заманбап эмгек болушун каалашат;
15 жеңүүчү 50 миң рублдик бир жолку грантка ээ болушат. Бир нече жеңүүчүгө Россияга сапар уюштурулушу мүмкүн.
Конкурс тууралуу толук маалымат жакынкы аралыкта "Чет жердеги орус мурасы" фондунун сайтына жарыяланат.
Россиянын Бишкек шаарындагы илим жана маданият борборунун (Русский дом) жетекчиси Альберт Зульхарнеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Пресс-борбор
"Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалы башталды
Жаңылыктар түрмөгү
0