Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маданият тармагына бөлүнгөн 673 млн. сом эмнеге сарпталары айтылды

© Sputnik / Асель СыдыковаМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2023
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Мамбетмусаева маданият чөйрөсүнө бөлүнгөн каражат кайда жумшаларын айтып берди.
Элдин руханий көрөӊгөсүн көтөрүүгө олуттуу салым кошкон маданият тармагына өкмөт тарабынан материалдык жана моралдык да колдоо болуп жатат. Буга 2022-жылдын маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы дээрлик 100 пайызга көбөйгөнү мисал. Бул тууралуу Салтанат Мамбетмусаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Маданият тармагына бөлүнгөн 673 млн. сом эмнеге сарпталары айтылды
Анын айтымында, азыркы учурдагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүгө, маданий потенциалын сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуу, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоо аракети көрүлүүдө.
"Мамлекет башчысы "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө бюджеттен 673 миллион 515 миң сом бөлүндү. Каражат улуттук маданияттын жетишкендиктерин өлкө ичинде жана четте пропагандалоого, чыгармачыл союздарга буйрутма берүүгө, музыкалык аспап сатып алууга, 40 райондук маданият үйлөрүнө музыкалык жабдыктарды сатып алууга, билим берүү мекемелеринин материалдык базасын чыңдоого жана окуу-усулдук басылмаларды чыгарууга, театралдык оюн-зоок мекемелеринде жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорду уюштурууга, улуттук жана концерттик костюмдарды, музыкалык жабдуу (үн күчөткүчтөр, жарыктандыруу ж.б.) сатып алууга, спорт тармагы боюнча иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүгө жана спорттук шаймандарды сатып алууга кетет. Андан тышкары, жаштар саясаты боюнча иш-чараларды уюштуруу, жаштар уюмдарынын долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле бүткүл республика боюнча жаштар лидерлерин окутуу, өнүктүрүү үчүн региондордо жаштар саясатын ишке ашырууга, инвентарь жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууга, музыкалык жабдыктарды ташуу үчүн жүк ташуучу автоунаа алууга жумшалары пландалууда. Ал эми 24 театралдык оюн-зоок мекемелерине жана жаңы спектаклдерди сахналаштыруу, гастролдорду уюштурууга 140 миллион сом каралды", — деди Мамбетмусаева.
Ал тил жана маданиятын көтөрүү менен гана өлкө өзүнүн көрөӊгөсүн, мамлекеттүүлүгүн сактап кала аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0