10-сентябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровОш шаары. Архивдик сурөт
Ош шаары. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жекшембиде Кыргызстанда эң ысык температура +36 градуска көтөрүлөт. Ал эми өлкөнүн тоолуу аймактарында жамгыр жаайт. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көл менен Нарында +22...+27 градуска жетет. Термометр Бишкекте +31...+33, Ош калаасында +34...+36 градусту көрсөтөт.
“Жекшембиде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жамгыр жаайт. Нарын регионунун айрым жерлеринде жаан себелейт”, — деп айтылган маалыматта.
Сириядагы ысыкта бала суунун астында башын кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
Жаңылыктар түрмөгү
0