А.Жапаров: кышта электр кубаты тартыш болот, эмитен үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
Коңшулардан электр кубаты импорттолгон шарттарга токтолуп, кыш күчүнө киргенде техникалык транзит кыла турган тараптардын мүмкүнчүлүгү чектелип каларын түшүндүргөн.
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Быйыл кышта электр энергиясы дефицит болот. Андыктан үнөмдөп колдонолу, керек болсо кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мындай кайрылуусун министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Өкмөт башчы элге кайрылып, айрым адамдар электр кубаты боюнча темадан саясат жасагысы келип жатат деген пикирин жазган.

“Кыштын күнү электр энергиясын үнөмдөп колдонгула” деп Энергетика министрлиги элге кайрылып жатат. Айрым жарандарыбыз болсо андан саясат жасагылары келүүдө. “Мына өлдүк, кыштын күнү тоңобуз, бул бийлик свет менен камсыз кыла албай калды” деген сыяктуу сындарды айта башташты. Ооба, чындыгында быйыл кыштын күнү электр энергиясы дефицит болот”, — деген министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров.

Ал кайрылуусунда Кыргызстан элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтерди, эң негизгиси, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатканына токтолуп, кырдаалдан чыгыш үчүн убакыт керектигин айткан.
Элди дагы үч жыл чыдап коюуга чакырган.
“Суу аз болгон цикл жүрүп жатат. Кудай буюрса, жогорудагы ГЭСтерибиз бүтөрү менен электр энергиясынын маселеси чечилет. 30 жыл чыдап келген жаныбыз дагы 3 жыл чыдап коёлу. Электр энергиясын үнөмдөп колдонолу. Керек болсо кыштын күнү көчөлөрдөгү жарыктарды өчүрөлү. Мунун баарына бүгүнкү бийлик күнөөлүү эмес да. Мурдагы бийликтегилер эң жок дегенде жылына бирден ГЭС куруп турса, 30 жылда 30 ГЭС туруп калмак”, — деген Акылбек Жапаров.
Ал коңшулардан электр кубаты импорттолгон шарттарга токтолуп, кыш күчүнө киргенде техникалык транзит кыла турган тараптардын мүмкүнчүлүгү чектелип каларын түшүндүргөн.

“Россиядан, Түркмөнстандан азыр кошуналар аркылуу импорт алуудабыз. Бирок кыштын күнү Казакстан менен Өзбекстандын бизге электр энергиясын транзит кылып өткөрүп бергенге аба чубалгылары чыдабайт экен. Өздөрүнөн ашпайт. Ошондуктан, урматтуу мекендештер, бизди, азыркы өкмөттү туура түшүнүп, азыртадан электр энергиясын үнөмдөөгө өтөсүздөр деп ишенем”, — деген министрлер кабинетинин төрагасы.

Ал өлкөдөгү тынчтык, стабилдүүлүк бардык кыйынчылыктарды жеңерин айтып, “азыр Кыргызстанда стабилдүүлүктү бузгусу келген үчүнчү күчтөр да жок эместигин” белгилеген.
“Биз, бийлик башындагылар, жөн эле жаткан жокпуз. Күн-түн дебей кара жаныбызды карч уруп, жогорудагы ГЭСтердин курулушун чечип, көзөмөлдөп жүрөбүз. Кудай күч-кубат берсе баары жакшы болот. Сабырдуулук гана керек. Баарыбыз кышка даярданалы”, — деген чакырык таштаган элге Акылбек Жапаров.
Ал кайрылуусунда Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты мурдараак курулуп калганына, союз чачыраган мезгилден кийинки курулган көзгө басар жалгыз ГЭС ушул болгонуна токтолду.
“2020-жылга чейин мындан башка бир дагы ГЭС курулган жок. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекеттин, элдин электроэнергияны колдонуу талабы эки эсеге өстү. А биз болсо дагы деле СССР куруп берип кеткен ГЭСтер менен олтурабыз. Электр энергиясын импорттоп жатабыз. Кудай жалгап 2020-жылы азыркы президентибиз Садыр Жапаров бийлик башына келип калып, ал киши да ушул көйгөйдү дароо сезди. Өкмөттүн биринчи жыйынында тез арада ГЭСтерди куруп башташыбыз керек, анан темир жолдун курулушун жандандыралы деген эки негизги тапшырманы койду. Мына азыр элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСти, кылым курулушу аталган Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатабыз”, — деген ал.
Жогорку вольттуу электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2023
Сарсанаа болбогула, кыштан көйгөйсүз чыгабыз. Жапаров электр энергиясы тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0