Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калиева: ЕАЭБде стандарттарды шайкеш келтирүүгө басым жасалууда

© Sputnik / Асылбек БактыбековСтандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Аспира Калиева
Стандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Аспира Калиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2023
Жазылуу
Стандартташтыруу жана метрология борборунун стандартташтыруу бөлүмүнүн башкы адиси Аспира Калиева стандартка салуу жаатында ЕАЭБде жалпысынан 51 техникалык регламент иштеп, анын 48и Кыргызстанда тааныларын айтты.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөр ортосунда стандарттарды шайкеш келтирүүгө басым жасалып, тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Аспира Калиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калиева: ЕАЭБде стандарттарды шайкеш келтирүүгө басым жасалууда
Анын айтымында, ЕАЭБ шарттарында улуттук стандартташтырууну өнүктүрүүгө артыкчылык берилүүдө.

"Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттер ортосунда стандарттарды шайкеш келтирүүгө басым жасалып, тоскоолдуктарды жоюу боюнча чаралар көрүлүүдө. Бул жаатта ЕАЭБде жалпысынан 51 техникалык регламент иштеп, анын 48и Кыргызстанда таанылат. "Кыргыз стандарт" техникалык регламенттерди кабыл алып, анын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөйт. Стандарттарды бизнес, керектөөчүлөр үчүн да иштеп чыгып, бардык процесс санариптештирилди. Мындан тышкары, ЕАЭБ шарттарында улуттук стандартташтырууну өнүктүрүүгө артыкчылык берилүүдө", — деди Калиева.

Ошондой эле адис стандартка салуу ЕАЭБде өндүрүлгөн продукциялардын рыноктогу атаандаштыкка туруштук берүүсүнө шарт түзөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0