“Россиядан Азияга чейин”: Улуттук тарых музейинде сүрөт көргөзмө ачылды

Жазылуу
Бишкектеги Улуттук тарых музейинде XX кылымдагы белгилүү сүрөтчү Сергей Прокудин-Горскийдин эмгектеринен турган “Россиядан Азияга чейин” деп аталган сүрөт көргөзмө ачылды.
Аны атактуу сүрөтчү тууралуу китептин автору Владимир Михайлов ачты.
"Көргөзмөгө сүрөтчү 1890-1913-жылдары кыдырып тарткан Россиянын аймактары менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн сүрөттөрү коюлду. Кыргызстандан тартылган алты эмгек да бул жерге жайгаштырылды”, — дешти уюштуруучулар.
Көргөзмө "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында өттү. Иш-чара бир жумага созулат.
Сергей Прокудин-Горский — орус сүрөтчүсү, химик, ойлоп табуучу, педагог жана коомдук ишмер. Императордук Орус география коомунун, Императордук Орус техникалык жана Орус фотограф коомунун мүчөсү. Сүрөтчүлүк менен кинематографияга өзүнүн салымын кошкон. 1944-жылы каза тапкан.
Көргөзмө "Кыргызстан — Россия: жалпы маданий мурас" фестивалынын алкагында өттү. Аны "Чет жердеги орус мурасы" фонду Россия ТИМи жана Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.
Фестивалдын максаты — эки өлкөнү бириктирген руханий жана материалдык мурастар, маданияттардын диалогу тууралуу баяндоо. Анын алкагында лекциялар, коомдук талкуулар, концерттер, көргөзмөлөр пландалган.
Тема боюнча:
Бишкекте “Орус романстарынын кечеси. Рахманинов-gala" концерти өттү. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0