Лавров: ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык катышуучусу катары каралышы мүмкүн

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Делиде өткөн G20 саммитинде
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Делиде өткөн G20 саммитинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2023
Жазылуу
Саммит 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү.
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. ЕАЭБ келечекте G20нын аймактык түзүмдүк катышуучуларынын бири катары каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Нью-Делиде өткөн G20 саммитинен кийинки маалымат жыйынында түз эфирден билдирди.

"Мындай тенденция бар. G20га Африка биримдиги гана эмес, Араб мамлекеттеринин лигасы, Латын Америкасы жана Кариб бассейни мамлекеттеринин шериктештиги сыяктуу аймактык структуралардын да кошулушу айтылууда. Менин оюмча, кайсы бир этапта ЕАЭБ дагы бул аймактык катышуучулардын бири катары каралат", — деди Лавров.

Индия 2022-жылдын 1-декабрынан баштап G20га төрагалык кылат. Бирикме лидерлеринин саммити 9-10-сентябрда Нью-Делиде өттү. Ага G20 өлкөлөрүнүн жана дагы тогуз өлкөнүн – Бангладеш, Египет, Испания, Маврикий, Нигерия, Нидерландия, БАЭ, Оман жана Сингапурдун башчылары чакырылган. Саммит жекшембиде төрагалыкты Бразилияга расмий өткөрүп берүү менен аяктады.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Цахкадзордогу жыйында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2023
Борбор Азия ЕАЭБ кеңейчү мейкиндикпи? Биримдиктин келечеги тууралуу ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0