Кышка кам: адистер үйдү кантип жылуулоо керектигин айтышты

© Фото / РИА НовостиҮйдү жылуулоо иштери. Архив
Үйдү жылуулоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Жазылуу
Маалыматта үйдү жылуулоо технологиялары жана жылуулукту сактоо боюнча лайфхактар камтылган.
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жашыл технологиялар жаатында серепчи Бакыт Аскарбеков электр энергиясы жетишсиз болуп, бийлик аны үнөмдөөнү талап кылып жатканда үйдү жылуулоо темасы актуалдуу экенин Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде айтып берди.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по зеленой экономике и ВИЭ Бакыт Аскарбеков
Эксперт по зеленой экономике и ВИЭ Бакыт Аскарбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
"Базарда үйдү, батирди жана балконду жылуулоо үчүн көптөгөн материалдар бар. Алардын ичинен пенополистирол, пеноплекс жана пенополиуретан эң көп колдонулат. Ар биринин артыкчылыгы менен кошо кемчилиги дагы бар. Анткени булардын баары күйүүчү заттар. Бирок ошол эле маалда бул метериалдар өтө кымбат эмес, жылуулукту жакшы сактайт. Эң негизгиси — аларды туура орнотуу, болбосо суук өткөрө турган жерлер пайда болуп, дубалды көгөртүп да салышы мүмкүн", — деген Аскарбеков.
Адис пенопластты туура орнотуу маанилүү экенин эскертти. Ал тез күйүүчү зат болгондуктан бетин шыбак менен жабуу керек.
Ал эми энергияны жана ресурстарды үнөмдөө боюнча адис, KyrSEFF программасынын инженери Жаныбек Кулумбетовдун айтымында, күйбөй турган, жылуулук изоляциялоочу материалдарга минералдык кебез, керамзит жана базальт буласы кирет.
© Sputnik / Асель СыдыковаЭксперт по энергоэффективности и ресурсосбережению, инженер Программы KyrSEFF Жаныбек Кулумбетов
Эксперт по энергоэффективности и ресурсосбережению, инженер Программы KyrSEFF Жаныбек Кулумбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
"Үйдү жылуулоо үчүн кандай материалды тандоону ар бир адам өзү чечет, бирок курулуш иштеринде жасалгалоочу материалдарды туура тандоо да маанилүү. Мисалы, пенопластты шыбак менен жакшы жаап албасаңыз, ал бир нече жылдан кийин жөн эле ажырап, түшүп калат", — деп түшүндүрдү Кулумбетов.
Туруктуу энергияны каржылоо KyrSEFF долбоорунун инженери Салават Соронбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2023
Радио
Жыгач терезелерди кантип туура жылуулоо керек? Инженердин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0