Кыргызстандык журналисттерге жардам берет! Россиялык менеджердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналист иш учурунда. Архивдик сүрөт
Журналист иш учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
ТАССтын жетекчиси Бишкекте сөз сүйлөдү. Ал жаңы технологиялар журналистиканы өзгөртө турганын белгиледи.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жасалма интеллектинин журналистикадагы ролу тууралуу ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин кеңешинде билдирди.
© Sputnik / Асель МинбаеваТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов
Информационный совет СНГ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
ТАСС агенттигинин башкы директору Андрей Кондрашов
Ал КМШ өлкөлөрүнүн журналисттери тыгыз иштешүүсү керектигин белгиледи. Айрыкча фейктерге эффективдүү каршылык көрсөтүүгө багытталган жаңы технологияларды колдонууга токтолду.
"Биз ТАССка орнотууга белсенип жаткан машина күн сайын 22 миң ЖМКны сканерлейт. Ал аркылуу биз саналуу сааттарда жаңылык кайсы өлкөдө пайда болуп, аны андан ары кимдер алганын биле алабыз", — деди ал.
Кондрашов КМШ мамлекеттерин фейктер менен биргеликте күрөшүүгө чакырды. Кеңешке тогуз мамлекеттен барган медиаменеджерлер катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдүн Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун пленардык жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Башка коңшубуз болбойт. Акылбек Жапаров КМШны өнүктүрүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0