Мурдагы министр КРде орус тилинде билим алууга артыкчылык берилерин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековМектеп окуучулары. Архивдик сурөт
Мектеп окуучулары. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков советтик билим берүүнүн фундаменти жакшы болгондуктан Кыргызстанда көбүнчө орус тилинде билим алууга артыкчылык берилип келерин билдирди.
Ал "2023-жыл орус тили КМШдагы улут аралык байланышуу тилинин жылы" аттуу панелдик дискуссияга катышты. Иш-чара КМШга мүчө өлкөлөрдүн Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун алкагында өттү.
Садыков кыргыз тилинде билим берген мектептер орус тилдүүлөргө караганда басымдуулук кыларын эске салды. Бирок окуу тилин тандаганга келгенде көбү орус тилине артыкчылык берет.
"Кыргыз тилдүү мектептерде орус тилдүү топ болсо ата-эне менен бала ошону тандап жатат. Буга таң калуунун кажети жок. Себеби орус тилиндеги билим берүү советтик методиканын негизинде калыптанган. Ал гуманитардык жана так илимдерди окутууда мыкты аталып, жакшы китептер менен камсыздалган", — деди экс-министр.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШга мүчө өлкөлөрдүн Чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын XVI форумунун пленардык жыйынында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Башка коңшубуз болбойт. Акылбек Жапаров КМШны өнүктүрүүгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0