Генеральная репетиция парада к 79-летию Победы в Великой Отечественной войне - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Путин Украинадагы операциянын токтотулушу жана башка жагдайлар тууралуу

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүАтайын операциянын түштүк секторун позицияларында россиялык аскер кызматкерлери. Архив
Атайын операциянын түштүк секторун позицияларында россиялык аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
АКШ Украина сүйлөшүүлөргө даяр десе, Зеленскийдин ага салган тыюусун жокко чыгартышы керектиги айтылды.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. РФ лидери Путин Чыгыш экономикалык форумда атайын операция туурасында өзүнчө кеп кылып, Украинадагы согуштук аракеттердин токтотулушу боюнча суроого жооп берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Каршылаш тарап контрчабуулга өтүп жатса, биз кантип согуштук аракеттерди токтотобуз. Биз эмне кылышыбыз керек. Контрчабуул жасап жатса, биз "токтотобуз" дейбизби. Биз троцкист эмеспиз да. Аракет кыла берип, бирок акырында жыйынтыктуу эч нерсе жок. Бул жакшы деле теория эмес", — деди Путин.
Төмөндө РФ лидеринин Украинадагы атайын операция боюнча айткандарын беребиз:
Эгерде АКШ Украина сүйлөшүүлөргө даяр десе, Зеленскийдин ага салган тыюусун жокко чыгартсын;
Украинанын контрчабуулунун майнабы болгон жок, 71 миң адамынан ажырады. 543 танкасынан, 18 миң сооттолгон машинасынан кол жууду;
Согушка аёосуз салганын көргөндө, жоокерлери алардын адамдары эмес окшойт деген ой кетет;
Украинага чачырап жарылган окторду берип деле согуш талаасында эч нерсени өзгөртө алышкан жок. F-16ны жөнөтүү да эч нерсе чечпейт;
Россияда акыркы 6-7 айда 270 миң адам аскер кызматын өтөө ниетин билдирип, келишимге кол койгон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пушков: Блинкендин Украина сүйлөшүүгө даяр деген сөзү — коомчулукту алдоо
Жаңылыктар түрмөгү
0