Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сүйүндүков: "Шамбаланы" тартууга 50 жылдай даярдандым

© Sputnik / Асел АкматРежиссёр, КРдин эл артисти Артыкпай Сүйүндүков
Режиссёр, КРдин эл артисти Артыкпай Сүйүндүков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Режиссёр, КРдин эл артисти Артыкпай Сүйүндүков "Шамбала" тасмасы 50дөн ашык эл аралык сыйлык алгандыгын айтты.
Режиссер тасмасын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрүп тартса ийгилик жаратат деген пикирин Артыкпай Сүйүндүков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Сүйүндүков: "Шамбаланы" тартууга 50 жылдай даярдандым
Анын айтымында, элге жагам деп кино жаратуу — чыгармачылыктын бүткөн жери.
"Тасма тартууда эң башкы нерсе — чыгармадагы негизги ойду алдыңкы планга чыгаруу. Экинчиден, ошол долбоорду жүрөктөн өткөрүп, ушул чыгарма мени жылытабы деп сураш керек. Кинону элге жагайын деп тарткан болбойт. Эл жактырсын деп тартканда стандартка түшүп калабыз, анын жыйынтыгы чыгармачылыктын бүтүп калышына себеп болушу мүмкүн. Ар бир режиссердун өзүнүн стили, өзүнүн көз карашы болушу шарт. "Шамбала" тасмасын тартууга 50 жылдай даярдандым. Ичиңде бир ой болсо жана ал кетпей жатса, аны ишке ашырыш керек", — деди режиссер.
Ал "Шамбала" тасмасы бардык категориялар боюнча сыйлык алгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0