Түрмө — пансионат эмес! Ташиев саясатчыларга эскертүү берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2023
Жазылуу
Атайын кызматтын башчысы абакта отурган бир катар саясатчылардын отурган жеринин шартына нааразы болгонуна да комментарий берген.
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында аталган комитеттин райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айтты.
Ташиев мурда Кыргызстанды эч бир жетекчи ойлобой, кланга бөлүнүп, өз ара чатакташып келген деген пикирин айтып, "мамлекетибизди күчтүү кыла турган убакыт келгендигин" белгилеген.
"Талашып-тартышкан саясатчылар, колунан эч нерсе келбей, бирок тили менен буудай кууругандар, мамлекетте тополоң болуп турса экен деген саясатчылардын бардыгына жазасын мыйзам чегинде колуна бериш керек. Башка айла жок. Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар", — деген Ташиев.
Түрмөдө отурган бир катар саясатчылардын абак шартына нааразы болгонуна да комментарийин берген.
"Алардын кээ бирлери "түрмөдө бизди катуу кармап жатышат, катаал шарттары коюп жатат" дешүүдө. Түрмө аларга мамлекеттен менчиктештирип алган пансионаты эмес. Түрмө деген — түрмө! Ал мыйзам бузгандарды ордуна алып келип тарбиялаш үчүн курулган. Абактын шарттарына макул эмеспи, анда мамлекеттин тынчтыгына залал келтирбесин", — деген Ташиев.
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
Көлдө шортычан жатканыңарды көрбөйүн! Ташиев министрлерге эс алууга тыюу салды
Жаңылыктар түрмөгү
0