Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бекболотов: КМШ өлкөлөрү биргелешип кино жаратууга муктаж

© Sputnik / Асел АкматКинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов
Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Жазылуу
Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов дүйнө жүзү боюнча фильмди биргелешип тартуу саясаты жүрүп жатканын айтты.
28-августта Санкт-Петербургда Лендок кинофестивалынын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен продюсердик долбоорлорунун питчинги болуп өттү. Бул тууралуу Акжолтой Бекболотов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Бекболотов: КМШ өлкөлөрү биргелешип кино жаратууга муктаж
Анын айтымында, аталган иш-чарага Кыргызстан бул жылы үчүнчү жолу катышты.
"Бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрү биргелешип кино жаратууга муктажбыз. Тасма тартууда Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттер менен бирге иштешсек, аудитория кенен болуп, көбүрөөк элге жетет. Былтыр бул питчингди кыргызстандык режиссёр Таалайбек Кулмендеев жеңип алган. Быйыл да Кыргызстанда туулуп өскөн, бирок Россиянын жараны Рустам аттуу мырза жеңүүчү аталды. Ал долбоорун 2025-жылы тартууну пландап жатат. Эгер россиялык кинокомпания колдоого алса Ысык-Көлдө тартылчу кадрларга көмөктөшкөнгө даярбыз" — деди Бекболотов.
Ал питчингде КМШ өлкөлөрүн кино жаратуучулары эффективдүү иш алып баруунун жолун издешкенин кошумчалады.
Питчинг — киного демөөрчү табуу үчүн долбоорду презентациялоо иш-чарасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0