Бишкектин бир бөлүгүндө үч күнгө газ өчүрүлөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүШиреңке менен газды күйгүзүү. Архивдик сурөт
Ширеңке менен газды күйгүзүү. Архивдик сурөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.09.2023
Жазылуу
Шаар жылуулук сезонуна даярданып жатат.
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 13-15-сентябрь күндөрү Бишкектин бир бөлүгүнө газ берилбей турганын "Газпром Кыргызстан" компаниясы билдирди.
Маалыматта 7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан газ түтүгүндө оңдоо иштери жүрө турганы айтылат. Мындан улам 7-апрель, Баялинов жана Куланов көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында газ берүү үзгүлтүккө учурайт.
Компания келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, мындай аракеттер күз-кыш жылытуу мезгилине даярдануу үчүн жасалып жатканын белгиледи.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2023
Энергетика министри: кышында "жөнгө салуу иш-чаралары" жүрүшү мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0