Бүгүндөн тарта өлкөдө автоунааларды онлайн кайра каттоо башталды

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектин Ала-Тоо аянтындагы унаалар. Архивдик сүрөт
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы унаалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2023
Жазылуу
Темир тулпардын ээси аны алгач "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө фото-видео кароодон өткөрүп алуусу зарыл.
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бүгүндөн тарта автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо башталып, сынамык долбоор ишке кирди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автокөлүктү фото-видео кароодон өткөрүү керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат", — деп айтылган маалыматта.
Онлайн кайра каттоо RSK 24 тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болорун кошумчалашты. Пилоттук долбоор "РСК Банктын" платформасында ишке ашырылмакчы.
"Эгерде айып пулу жок болсо жана транспорт каражаты камакка алынбаган учурда сиздин автоунааңызды онлайн сатууга мүмкүнчүлүгүңүз болот", — деп билдиришти ИИМден.
Онлайн кайра каттоону башка төлөм тутумдарында да жеткиликтүү кылуу иштери каралып жатканын айтышты.
Буга чейин президенттик администрациянын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев автоунааларды онлайн кайра каттоо 1-сентябрдан тарта башталарын кабарлаган эле. Ал "Унаа" мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылып отурбай эле машинаны алып-сатуу банк аркылуу жүргүзүлөрүн айткан. Пилоттук долбоор бир жылга созулат, эгер жемишин берсе онлайн кайра каттоо андан ары да ишин улантарын кошумчалаган.
Бишкек шаарында турак жайдын курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2023
2024-жылдан тарта накталай акча менен үй сатып, ижарага берүүгө тыюу салынат
Жаңылыктар түрмөгү
0